“ЮКЦ” цемент заводунун марттыгына чек жок

Обновляем КПП

“Южно-Кыргызский цемент” ЖАК Кыргызстанда ири цемент єндїрїїчїлєрдїн бири. Мындан туура 4 жыл мурун, 2019-жылдын декабрь айында ишкана жїз жылдык тарыхы бар кытайдын Huaxin корпорациясы менен бириккен. Анын арты менен, акыркы жылдары завод жогорку технологиялуу єндїрїштї ишке салып, мактоого арзыган сапатка жетишкен. Мындай жетишкендик республикалык жана жергиликтїї бюджетке чегерилчї салык жана социалдык тєлємдєрдїн кєлємїнїн єсїшїнє алып келген. Ошону менен эле бирге, Ош облусундагы Ноокат районунун акиминин орун басары Мамажунус Абилов менен болгон маекте, ишкана дайыма жергиликтїї элге да олуттуу колдоо кєрсєтїп келери белгилїї болду.

 

 

Кызмат адамынын айтымында, “Южно-Кыргызский цемент” ЖАК Кыргызстандагы ири цемент єндїрїїчїлєрдїн бири гана эмес, Ноокат районунун негизги єнєктєштєрїнєн.

 

“Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы бул ишкана менен кызматташтык тууралуу Меморандум тїзїп, тыгыз кызматташтыкта. Меморандумдун алкагында “Южно-Кыргызский цемент” ЖАК” биздин районго ар тармакта болушунча колдоо кєрсєтїп келет. Анын ичинде инфратїзїмдї єнїктїрїїгє кошкон салымы да зор. Мисалы, завод жыл сайын Ноокат районуна бекер 120 тонна цемент берип турат. Цемент болсо айыл аймактарына тегиз бєлїнїп, айыл тургундарынын муктаждыктарына жумшалат. Ошол эле бала-бакчаларды салуу, жолдорду, кєпїрєлєрдї куруу, ирригация маселелерин чечїїгє колдоо кєрсєтїп келе жатат. Андан сырткары, ишкана ар бир єтїнїчїбїздї кулак сыртында калтырбайт. Мисалы, былтыр тууну ортонууга эле 25 тонна цемент бєлїп берген. Жакында эле, тагыраагы 3-декабрда пенсионерлер менен муктаж їй-бїлєлєргє ар бирине 50 миў сомдон берген, – дейт Мамажунус Абилов.

 

Ишкана Кызыл-Кыя шаарынын тургундарына да олуттуу жардам берип келет. Калаа башчысы Асилбек Мааткалыковдун айтымында, цемент завод зарыл учурда дайыма жардам колун сунуп турат.

 

“Алыс барбай эле жакында болгон мисалды келтирейин. Жакында шаарыбыздын 125-жылдыгын белгиледик. Ошого карата бир нече объектилерди курууну жана оўдоп-тїзєєдєн єткєрїїнї мерчемдеген элек. Ошол эле стадион, аллеялар, бакчалар жана башкалар. Заводдун жетекчилигине кайрылганыбызда, алар бизге бекер 70 тонна цемент бєлїп беришти. Андан сырткары, завод бизге шаарды тазалоо маселесинде да колдоо кєрсєттї. Бул багытта алар дайыма грейдерлерди, бульдозерлерди жана суу чачып туруучу унааларды берип турат. Ага биз абдан ыраазыбыз.

 

Калаа башчы кызматын аркалаганыма 2,5 жылдын жїзї болду. Ушул убак ичинде заводдун жетекчилиги бир дагы кайрылуубузбу четке каккан жок. Шаар тургундарына да мамиле ушундай, жада калса заводдо иштебегендерге да жардам колун сунуп келет. Эске сала кетсем, кыргыз-тажик жаўжалы болгондо да ишкана їйїн таштап кетїїгє аргасыз болгон жарандарыбызга азык-тїлїк жагынан жардам берген”, – деп айтып берди калаа башчысы.

 

Комментарий алуу їчїн кайрылганыбызда Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын башчысы Аманилла Абдылдаев да “ЮКЦ” ЖАКнан тїшкєн жардамдарды тизмектеп берди.

 

“2022-жылы биз завод менен 4 миллион 600 миў сом чегинде кызматташтык боюнча Меморандумга кол койгонбуз, ал эми кийинки жылы бул сумма 4 миллион 700 миў сомго жетет. Келерки жылдарга да ушинтип жогорулап кете берет.

 

Бїгїнкї кїндє завод эки бала-бакчабыздын курулушун каржылап берди. Ар бир бакча 75 балага ылайыкталган. Тургундарбызга бул эбегейсиз чоў колдоо, ошого алар кытай компаниясына абдан ыраазы.

 

Ишкана мектеп окуучуларын да унутпайт.Аларга атайын жайкы лагерлерде эс алуусуна акча бєлїп берген.
“ЮКЦ” учурда биздеги спорткомплекстин курулушуна дагы каржылык жардам берип жатат. Ишкана жол куруу жана аларды оўдоо боюнча да жардам берип келет. Жада калса атайын техниканы да берип турат.

 

Жалпысынан, 2023-жылы биз 200 тонна цемент алдык. Анын 100 тоннасы муктаж їй-бїлєлєргє кетип, ошончо эле кєлєм социалдык объектилерди курууга жумшалды”, – дейт Аманилла Абдылдаев.

 

Завод менен болгон достук мамиле зор пайда алып келип жатканын Ноокат районунун Тєєлєс айыл аймагынын тєрагасы Адылбек Эшматов да кеп куруп берди. Анын айтымында, кытай компаниясы келгенден бери алар мурда болуп кєрбєгєндєй жардам алышкан.

 

“Биринчи эле жылы бизге 45 тонна цементти бекер беришти. Ага биз 100 балага ылайыктуу бала-бакчанын курулушун баштап, эмдиги жылы кудай кааласа ачылышы болот деп кїтїп жаткан убагыбыз. Экинчи жылы болсо спорткомплекстин курулушуна деп 50 тонна цемент жана башка курулуш материалдарын алдык.

 

Бардыгын завод єзї каржылап берди: фундаменттен баштап чатырдын жабылышына чейин. Ал эми їчїнчї жылы 70 тонна цемент алып, аны бала-бакчадагы бассейнди курууга жана арыктарга бетон лотокторду ортонууга жумшадык. Быйыл суу аз жыл болгондуктан сугат кєйгєйїн чечїї зор мааниге ээ болду. Ошол себептен арыктар їчїн завод жетекчилигине єзгєчє алкыш.

 

Негизи эле “ЮКЦ” заводу бизге бардык жактан колдоо кєрсєтїп келет. Муктаж їй-бїлєлєр там салууга бекер курулуш материалдарын алып турат, соцобъектилер менен арыктарды салып келебиз алардын жардамы аркылуу, жакында келишим боюнча Єзбекстандан бизге єткєн аймакка жаўы жол салганы турабыз.

 

Ошол себептен, дагы бир жолу єз атымдан жана жалпы Тєєлєс айыл аймагынын атынан “ЮКЦ” ЖАКынын жетекчилигине ыраазычылык билдирем.

 

Оюмда, завод мындан ары да биздин кїнїмдїк кєйгєйлєрдї чечїїдє кол кабыш кылып турат. Чоў рахмат айтам! – деп ыраазычылыгын билдирди Адылбек Эшматов.

 

Суйунбек ШАМШИЕВ.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *